Божомолдордун биринде «шоколад» сөзү ацтектердин «xocolātl» («чоколатль») деп аталган какао данынан жасалган суусундуктун аталышынан келип чыккан. Сөзмө-сөз «ачуу суу» болуп которулат. Шоколад — какао даны кошулуп жасалган кондитердик продукт. Шоколадды курамына жараша ачуу , сүттүү жана ак шоколад деп бөлүшөт. Диабеттик да түрлөрү бар. Ошондой эле, шоколад азыктарында жыт күчөткүч кошумчалар:(кофе, спирт, коньяк, ванилин, калемпир), азык кошумчалар: (мейиз, жаңгак, вафли, цукат) же туурамжылар (начинка) болушу мүмкүн. Алдыда шоколад тууралуу кененирээк айтып беребиз.
Шоколад курамына карата төмөнкүдөй болуп бөлүнөт:
- Ачуу шоколад – Какаонун өлчөмү кант пудрасына караганда көбүрөөк болот. Буга какао майы да кошулат.
- Ак шоколад – Кант пудрасына какао майы гана кошулат (какао кошулбайт).
- Сүттүү шоколад – Какао, кант пудрасы менен кошо кургак сүт (же коюлтулган сүт) көбүрөөк өлчөмдө кошулат.
- Диабеттик шоколад – Какао, какао майы жана кант пудрасынын ордуна кантты алмаштыруучу сорбит, ксилит, маннит же изомальт кошулат.
- Майда тешиктүү (пористый) шоколад – Десерттик шоколад массасынан жасалат. Суюк түрүндө атайын вакуум идиштерге салынып, 40 градус ысык температурада 4 саат кармаганда көбүкчөлөрү чоңоюп, майда тешиктүү болуп калат.
- Упа түрүндөгү шоколад – Кант пудрасы менен упаланган какао кошулган түрү. Айрым учурда сүт азыгы да кошулат.
Шоколаддын пайдалары
Шоколад көңүл көтөрүүгө жана акылды көп талап кылган жумуштагылардын мээсинин иштөө жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Ылдамыраак ойлонууга, бир нерсени тез эске тутууга жардамы чоң.
Жүрөк, кан-тамыр ооруларынын алдын алат. Инфаркт, инсульт ооруларында пайдалуу. Анткени шоколаддагы биологиялык кошулмалар аспириндин ролун аткарат. Башкача айтканда, кандын коюуланып, кан-тамырда уюп калбашын шарттайт.
Шоколад «Бакыт гормону» деп аталган серотонинди көбөйтүп, депрессияны кубалап, маанайды жакшырта тургандыгын Республикалык ден-соолукту чыңдоо борборунун жугуштуу оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев төмөнкүчө түшүндүрдү:
— Шоколоддын курамыныда бир топ пайдалуу заттар камтылган. Мисалы теобромин, триптофан сыяктуу заттар адамды иммунитетин жана көңүлүн көтөрөт. Мисалы триптофан затынын негизинде бактылуулук гормону бөлүнүп чыгат. Ошондуктан кээде стресс болгондо шоколад жегенде маанай көтөрүлүп, адам өзүн жакшы сезип калат.
Ошондой эле, шоколаддын курамында кальций бар болгондуктан, тишти жана башка сөөктөрдү да бекемдейт. Курамындагы фосфор менен магний мээни азыктандырып, клеткаларды жаңылантат.
— Шоколад көптөгөн микроэлементтерге бай. Анын курамында темир, марганец, магний, фосфор сыяктуу заттар бар. Андан тышкары, табигый флавоноид деген заттар да бар. Ал иммунитетти бекемдегенге жардам берет. Мындан сырткары, зыян, стресс гормондорун сыртка чыгарганга жардамчы болуп саналат.
Шоколаддын курамындагы какао майы терини серпилгич кылып жашартат, андыктан сулуулук салондорунда колдонулуп, денеге сүйкөлөт. Какао майы ошондой эле денедеги кесилип, тилинип калган жерди тез айыктырат.
Шоколаддын зыяны
Шоколадды көп өлчөмдө жесе, адамды семиртет. Бир күндүк норма 25 граммдан ашпаш керек. Ошондой эле, бетке безеткинин чыгышын шарттап, көп жегенде уйкусуздукту жаратышы мүмкүн. Таттууга көз карата карандылыкты пайда кылат. Айрым адамдарда аллергиянын козголушун шартташы мүмкүн.
Шоколад негизинен күчтүү, калориялуу тамак-аштын катарына кирет. Анын кубаттуулугун өлчөгөндө 100 граммына 500 киллокалорияны камтыйт, бул суткасына адам баласына керектүү энергиянын бештен бир бөлүгүн түзүп коюшу мүмкүн. Ошондуктан аны чектен ашып жегенге болбойт.
Бирок туура тамактанып, өлчөмү менен жесе пайдалуу болот. Ошол эле учурда анын сапатына да көңүл буруш керек.
— Анткени шоколаддар да кара шоколод жана сүттүү шокалад болуп бөлүнөт. Эң эле керектүү пайдалуу заттар кара шоколадда камтылган. Анын курамында табигый какаонун курамы 70 пайыздан көп болсо жана какао майы болсо жакшы болот. Курамына карап жесе, жакшыраак болот, — деди Сагынбек Уезбаев.
Адам ар дайым өзүн бир калыпта алып жүрүшү жана оорубашы үчүн эрежелерди туура сактап, ашыкча тамактанбоосу керек. Бардык тамак-аштын өзүнүн бир күндүк өлчөмү бар. Ошол сыяктуу эле шоколаддын да кайсы убакта жана канча өлчөмдө жесе туура боло тургандыгын төмөнкүчө түшүндүрдү:
— Шоколад өзү майда –майда төрт бурчтуктарга бөлүнөт. Андан бир отуруп жегенде экөөнү жесе жетиштүү болот. Тамактан кийин десерт катары жеп, аны жөн эле отуруп жебестен чай менен, оозго салып чайнабай ээритип, жесе жакшы болот. Эң көп жегенде 4 төрт бурчтук жесе жетиштүү болот. Ошончолук эле көлөм адамдын организмин керектүү заттар менен камсыз кыла алат.
Сагынбек Уезбаев сүт шоколадга кара шоколадга караганда көбүрөөк кант кошулуп жасаларын кошумчалады:
— Сүт шоколаддын курамында какао азыраак болот. Көбүрөөк кант жана башка кошулмалар кошулат. Алар кичинекей балдарга жумшак жана жегиликтүү болсун деп кошулат. Ошондуктан анын пайдасы азыраак болот. Кантты көп жесе, туура тамактанууга ылайык келбей калат.
Биз даамдуу шоколаддан ырахат алып, каалаган убакта, каалаган өлчөмдө жегибиз келет. Бирок көпчүлүк адистер шоколадды күндүн биринчи бөлүгүндө жегенди сунушташат. Жатардын алдында жесе, уйкусуздукту жаратышы толук мүмкүн.
— Күндүн биринчи бөлүгүндө жана түштөн кийин шоколад жесе болот, бирок уктаардын алдында жебей эле койгон оң. Эртең менен бир аз жана түштөн кийин уйкуну ачыш үчүн кофенин ордуна колдонсо болот.
Жаш балдар шоколадды көп жесе бою өспөй калабы?
Ошол эле учурда жаш балдардын шоколадды көп жегени боюнун өсүүсүнө терс таасир тийгизип, “шоколад көп жесе, бою өспөйт калат” деген түшүнүк эл арасында кеңири тараган. Адистердин айтымында, шоколад бойдун өсүүсүнө эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Тескерисинче, пайдалуу.
— Бою өспөй калат деген туура эмес маалымат. Анткени шоколад бойдун өсүшүнө эч кандай таасир этпейт, тескерисинче, бойду өстүрөт. Курамындагы заттар өсүп келе жаткан өспүрүмдөргө керектүү азыктарга бай. Болгону анын өлчөмүн гана чектеш керек, анткени курамындагы кант балдарга зыянын тийгизип калышы мүмкүн. Күнүнө эки маал аз өлчөмдө берип турса жакшы болот.
Шоколадды туура тандоо
Шоколадды туура тандоодо чыгарылган датасына өзгөчө көңүл бөлүү керек. Консерванттар аз кошулган жакшы шоколад жарым жылга чейин гана өз сапатын жоготпойт. Ичинде атайын суюктугу (мисалы, коньяк) бар шоколаддарды 4 айга, ал эми ичине мөмө-жемиш салынгандарды 60 күнгө гана сактоого болот.
Дүкөндө коюлган жерине маани бериңиз. Шоколад башка жытты өзүнө сиңирип алуу касиетине ээ. Эгер анын жанында самын, айна же косметикалык каражаттар турса, башка дүкөндөн алганыңыз эле оң. Курамы менен таанышып чыгыңыз. Какао же какао майы бар болсо, бул — чыныгы шоколад. Анын ордунда өсүмдүк майы колдонулса, анда бул таттууну шоколад деп айтуу кыйын. Шоколадды сактоонун оптималдуу температурасы 18 градус. Андыктан муздаткычта сакталган болсо, албай эле койгонуңуз оң.
Ошондой эле шоколаддардын адалдыгы кандай азыктардан жасалгандыгын сертификаттардын жардамы менен гана билүүгө боло тургандыгын жана аны тандап жеш жеке маданият экендигин «Халал» индустриясын өнүктүрүү борборунун негиздөөчүсү Мыктыбек Арстанбек төмөнкүчө айтып берди:
— Шоколаддын сырттында жазылган курамына карап, адал азыкты тандоо мүмкүн эмес. Анткени ар бир адам кандай азык экендигин аягына чейин текшере албайт. Тандоонун эң оңой жана туура жолу — адалдыгын тастыктаган сертификатына таянып алуу. Ал эми азыктардын ден-соолукка пайда жана зыяндуулугун мамлекет текшерип, мамлекет кам көрөт.
Шоколад тууралуу айрым кызыктуу фактылар:
- 13-сентябрда эл аралык шоколад күнү белгиленет.
- Германиянын Кёлн, Орусиянын Покров, Бельгиянын Брюгге шаарларында шоколад музейлери, Покров шаарында шоколаддын урматына тургузулган айкел бар.
- АКШда ичинде оюнчук катылган шоколад жумурткаларды – «Киндер-сюрприздерди» сатып алууга мүмкүн эмес. Анткени ал өлкөдө «жегенге мүмкүн болбой турган нерселерди азыктын ичине салууга болбойт» деген мыйзам бар.
- Япониялык окуучулардын арасында сынак астында «Kit-Kat» шоколадын жемей ырымы бар. Себеби ал «китто кацу» (сөзсүз жеңишке жетүү) деген сөзгө уйкаш.
- «Гиннесстин рекорддор китебинде» Улуу Британияда даярдалып, салмагы 6 тоннага жеткен шоколад катталган (5 792,5 килограмм).
Шоколаддын тарыхына токтоло турган болсок, 1819-жылы биринчи жолу шоколад даярдалган. Бирок бул дата шоколаддын туулган күнү катары эсептелинбейт. Анткени буга чейин эле шоколадды ичимдик катары суюк түрүндө даярдашчу. Анан да кызыгы эркектердин ичимдиги катары эсептелинчү. Алгачкы учурларда шоколад “Kakawa” деп аталган. 1700-жылы Англияда биринчи жолу шоколадка сүт кошуп даярдалган. Бул ыкма анын ачуу даамын бир аз жумшарткан. 18-кылымда шоколадды даярдоо боюнча Англия, Франция жана Испания алдына эч кимди алдына чыгарган эмес.