Биз менен байланышыңыз

Өз алдынча дарыланган адам сакайганын кантип билет?

Блог , Ден соолук , Коом | 13 Июл 2020 | 11946 | 0

Бүгүн, 13-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 11 миң 117ге жетти. Ошол эле учурда миңдеген жарандар жыт, даам билбей, дене табы көтөрүлүп, үй шартында өз алдынча даарыланып жаткандарын социалдык тармактардан баймабай жарыялашууда. Ошол эле учурда аталган «илдеттен сакайгандыгын кантип билем», «канча убакыт өткөндөн кийин коомго кайра кошулууга болот», «гепарин жок болсо эмне кылам» деген суроолор бүгүнкү күндүн негизги суроолору бойдон калууда?

Вирус жуктуруп үйүндө даарыланган адам өзүнүн сакайып-сакайбагандыгын кантип билет?

Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык COVID-19дун жеңил түрү менен ооругандар жана белгилери байкалбаган бейтаптар үйүндө обочолонуу менен дарылануу сунушталган. Ошол эле учурда дарыгерлер оорунун өтүшүп кетишине жол бербөө үчүн сөзсүз түрдө ооруканаларга кайрылууну жана дарыгерлерден онлайн кеңеш алууну айтып келишүүдө.

Вирус жуктуруп алган адам үйүндө даарыланып өзүнүн сакайгандыгын төмөнкү төрт белги аркылуу билүүгө болот:

-Ден соолугунун абалы жакшырып, өзүн мурдагыдай сезип калат;

-Тамакка болгон табити мурдагыдан жакшырат;

-Даам сезүү пайда болуп, мурдагыдай даам сезип калат;

-Ошондой эле жыт сезүүсү кайрадан калыптанат.

Коронавирустун негизги белгилери болгон дене табы көтөрүлбөй, тердөө деген жок болуп, физикалык жактан алсырабай калса, анда ал адамдын иммунитети коронавирусту жеңген болот.

Эгерде, бейтап вирустун белгилери байкалгандан баштап үй-бүлөлүк дарыгердин же башка дарыгердин көзөмөлүндө болуп, анын көрсөтмөсүнүн негизинде дарыланган болсо, анда дарыгерлер акыркы диагнозун коюп бериши керек.

Ошол эле учурда оорудан сакайгандан кийин текшерүү милдеттүү эместигин жана жарандардын жеке ыктыяры менен болорун Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун жугуштуу оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев төмөнкүчө түшүндүрдү:

— «Азыркы учурда ооруну аныктоо үчүн ПЦРби же башка тест тапшырабы, айыккандан кийин вирус баары бир чыкпайт. Адамдын иммунитети менен вирус зыянсыздандырылды. Кайрадан тест тапшыруунун кажети жок. Клиникалык көрүү аркылуу эле, башкача айтканда бейтаптын физикалык жактан өзүн кандай сезип жатканын карап туруп эле айыкты деп чечим чыгарып коюш керек» , — деди Уезбаев.

Коронавирустан айыккан адамдарда иммунитет пайда болобу? 

SARS-CoV-19 вирусу жаңы пайда болгон вирус болгондуктан дүйнөлүк окумуштуулар аны толук изилдеп бүтө элек. Бирок, буга чейинки изилдөөлөрдүн натыйжасында коронавирустан айыккан адамдарда аталган вируска каршы организмде антитела пайда боло турганы аныкталды.

— «2-3 ай мурун коронавирус менен ооругандардардын канын текшергенде аларда иммунитет бар экендигин лабораториялар айтып тастыкташты«, — деди  Уезбаев.

Анын айтымында, организмде пайда болгон иммунитеттин канча убакытка чейин сакталышы белгисиз. Салыштырмалуу мурунку БВРС-КоВ коронавирусунда кээ бир адамдарда 5 жылга чейин иммунитетинде кармалган. Кээ бир учурларда өмүр бою да аталган вируска иммунитет болушу мүмкүн.

Ошондой эле, адам ушул коронавирус менен экинчи жолу оорубашы мүмкүн. Эгерде ооруса да сасык тумоо сыяктуу жеңил өткөрүп, бат эле айыгып кетет же таптакыр оорубайт. Вирустар адамдардын жашоосуна бир келгенден кийин кетбейт экен. Кийинки жылы да сезондук тумоо сыяктуу болуп келе турган болсо, 20%га чейин жеңил түрү менен оорушу мүмкүн.

Коронавирустан айыккандар өздөрүнө кандай кам көрүшү керек?

COVID-19 менен иммунитет күрөшүп, жеңип чыккандан кийин организм алсыз боло түшөт. Ошол үчүн айыккандар витаминге бай азыктар менен тамактануусу керектигин жана кошумча колдон келишинче кымбат эмес витаминдерди ичип турууну адистер сунушташат.

— «Микроэлемент болгон кальций, Д- витамин, темир, магний, цинк, фосфор камтылган кошулмаларды ичсе, организм тез өз калыбына келет. Болбосо, азыр бышыкчылык мезгилде ар түрдүү витаминдүү тамактарды жеш менен ордун толуктап койсо болот», — деди Уезбаев.

Мындан сырткары, иммунитетти көтөрүү үчүн күнүнө жок дегенде бир сааттан дене-бойду жибитип, катуу тердете турган кыймыл-аракет жасоо керек. Ошол эле учурда толук кандуу уктап, позитивдүү маанайда жүрүү сунуш кылынат.

Copyright © 2017 Maral FM