Биз менен байланышыңыз

Гепарин табылбаса эмне кылыш керек?

Кыска кабар | 13 Июл 2020 | 4651 | 0

Акыркы он күн аралыгында коронавирус оорусу менен кошо пневмония, башкача айтканда өпкөнүн сезгенүүсү күчөп жатат. Ошол эле учурда пневмониядан каза болгондордун саны кескин көбөйүүдө. Март айынан бери өпкөнүн сезгенүүсүнөн каза болгондордун жалпы саны 452ге жетти. Мындан улам коомдо пневмонияга каршы дарыларга болгон баа кескин көтөрүлүп, ошол эле учурда гепарин, клексан, ксарелто, оксапар, арбидол жана башка дарылардын жетишсиздиги байкалууда.

Бүгүнкү күндө эң көп изделип жаткан гепарин аттуу дары бул кан суюлтуучу дары. Аны дарыгердин көзөмөлү менен гана колдонуш керек. Үй шартында аталган дарыны колдонууда этият болуш керек. Анын ордуна жөнөкөй эле, арзан баадагы аспиринди колдонсо боло тургандыгын Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун жугуштуу оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев билдирди.

— «Гепариндин ордуна аспириндин бир таблеткасынын төрттөн бирин эрте менен жана кечинде ичип турса деле көп учурда жетиштүү болот» , — деди Уезбаев.

Уезбаевдин айтымында, көпчүлүк учурда адамдар паникага алдырып, ашыкча, кереги жок даарыларды да баарын сатып алып, чыныгы керектөөчүлөрдү кур калтырып жатат. Эң туура жолу, дарыгердин көрсөтмөсу менен гана дарылануу шарт.

Copyright © 2017 Maral FM