Биз менен байланышыңыз

АКШ Крымга байланыштуу санкцияларын көбөйттү

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Ноя 2018 | 615 | 0

АКШнын Финансы министрлиги Украина жана Крымдын аннекцияланышы боюнча киргизген санкцияларына дагы үч адамды, тогуз компанияны кошту. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазышты.

Крымдык эки коопсуздук кызматкери Александр Басов менен Алексей Сушко Орусиянын борбордук чалгын кызматынын тыңчылары катары айыпталууда. Ал эми Орусиянын Аскердик ракеталык бөлүмүнүн башчысы Владимир Зарицкий Украинадагы жеке секторго таасир этүүчү кызматы үчүн санкция алгандардан.

Мындан сырткары, бир катар крымдык санаторийлер, жылуулук ишканалары да бар.

Эске сала кетсек, 2014-жылдагы Крымдагы элдик добуш берүүнүн натыйжасында аймактын Орусияга кошулуусу Кремлге карата батыштын катаал санкцияларына себеп болду. Евробиримдик менен бирге Вашингтон дагы саясий-экономикалык чектөөлөрдү ишке киргизип койду.

Copyright © 2017 Maral FM