Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр балдар хосписине жардам берүүнү тапшырды

Кыска кабар | 8 Ноя 2018 | 646 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектин мэри Азиз Суракматовго жылуулук түтүктөрү жарылган балдар хосписине жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы балдар хосписине түтүктөрдүн жарылышынан улам тарткан зыянды оңдоп, керектүү бардык жардамдарды көрсөтүшүн белгиледи.

Эскерте кетсек, “Жардамдашуу оңой” коомдук фондунун директору Динара Аляева социалдык тармакка хосписте түтүктөрдүн жарылышынан улам бүт техника, жабдыктар жараксыз абалга келгендигин жазган.

Copyright © 2017 Maral FM