Биз менен байланышыңыз

Жанын кыюуга аракет жасаган кыз куткарылды

Кыска кабар | 8 Ноя 2018 | 666 | 0

Бишкек шаарында көпүрөгө асынып жанын кыйганы жаткан 19-жаштагы кыз куткарылды. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” атайын дайындалган полкунун маалымат кызматы билдирди.

Кызды аталган полктун кызматкери Нурлан Кулданбаев куткарып калган. Анда кыз жипти Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги көпүрөгө байлап, мойнуна илип бийиктен өзүн таштагысы келген. Ал учурда Кулданбаев аймакты текшерип жүрүп көрүп калган. Кыздын башындагы жипти чечип, Биринчи май райондук бөлүмүнө жеткирип берген.

Анда кыз ата-энеси аны мажбурлап турмушка узаткандыгын, күйөөсү менен урушуп кеткендиги үчүн мындай кадамга баргандыгын айткан. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM