Биз менен байланышыңыз

Трамп Башкы прокурорду кызматтан кетирди

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Ноя 2018 | 615 | 0

АКШнын Башкы прокурору Жефф Сешнс өлкө президенти Дональд Трамптын талабы боюнча кызматын таштады. Мындай билдирүү анын Ак үйгө жолдогон катында белгилүү болду. Ошондой эле президент Трамп дагы анын кызматтан кеткенин өзүнүн Твиттер баракчасына жарыялады.

Анын Ак үйгө жолдогон арызында: ”Сиздин каалооңуз менен отставкага кетип жатам. Мага артылган ишеним жана эң мыкты кызматтары үчүн прокуратуранын жамаатына ыраазычылык билдирем”,-деп жазылган.

Буга чейин бир нече жолу президент Трамптын суук мамилесине жана эл алдындагы айткан терс пикирлерине дуушар болгон баш прокурор 7-ноябрда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды.

Орусиянын 2016-жылкы  АКШдагы шайлоого кийлигишүүсүн териштирүү ишинен баш тарткан Жефф Сешнстин президент менен болгон мамилеси сууп, мамлекет башчысы анын кызматтан кетип калуусун эскертип келген.  “Менин мындай министрим жок” деп айткан Трамптын сөзүнөн кийин серепчилер парламенттик шайлоодон кийин Сешнстин отставкага кетерин күтүп жатышкан. Бирок саясий оюндар адилеттүүлүккө таасир тийгизбесин билдирип келген министр өз ишин улантып жаткан.

Кошумчалай кетсек, Жефф Сешнс 2015-жылдагы президенттик шайлоодо Трампты колдогон алгачкы депутаттардан болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM