Биз менен байланышыңыз

Бишкектин көчөлөрүн жарыктандыруу автоматташтырылат

Кыска кабар | 7 Ноя 2018 | 705 | 0

Бишкек шаарына автоматташтырылган жарыктандыруу системасын 2019-жылы киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу мэриянын кеңешинде “Бишкек жарык” ишканасынын жетекчиси Жумамүдүн Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, бул система шаардын жарыгын күйгүзүүнү, иштебеген жарыктарды аныктоону, электр энергиясын үнөмдөөнү шарттайт. Ошондой эле кызматкерлердин күн сайын жарыктандыруу текчелерин карап чыгуу зарылдыгы жаралбайт.

Система мобилдик байланыш, оптикалык була жана интернет менен байланышкан жалпы бир тармактан турат. Мында борбордук серверден ар бир жарык индивидуалдык түрдө башкарылат”, — дейт Жумалиев.

Copyright © 2017 Maral FM