Биз менен байланышыңыз

Месси “Интер” менен беттеште ойнобойт

Кыска кабар , Спорт | 5 Ноя 2018 | 762 | 0

“Барселонанын” капитаны, чабуулчу Лео Месси Чемпиондор Лигасынын алкагында италиялык “Интер” клубу менен болчу беттешке катышпай турган болду.

20-октябрда “Севилья” менен болгон оюнда оң колунан жаракат алган Месси андан бери төрт оюнга кире алган жок. “Барселонанын” твиттердеги расмий баракчасынан анын Италияга “Интер” менен өтчү оюнга барарын жарыялашкан. Спортчу курамдын катарына өзүн дарыгерлердин макулдугусуз эле жаздырганын кошумчалашкан.

Бирок клубдун дарыгерлери бул чечимге каршылыгын билдирип, атактуу футболчунун беттешке катышуусуна тыюу салышты.

“Барса” бул олуттуу атаандашы болгон италиялык команда менен Мессини эске албаганда толук курамы менен ойнойт.

Copyright © 2017 Maral FM