Биз менен байланышыңыз

Италияда жаратылыш кырсыгынан 29 киши набыт болду

Дүйнө | 5 Ноя 2018 | 585 | 0

Италиянын түштүгүндөгү Сицилия аралында катуу жаандан жана бороондон 29 киши каза болду. Жаракат алгандар жана дайынсыз жоголгондор бар экени айтылууда.

Бүгүн кырсык болгон жерге Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте келип, абал менен таанышкан. Өлкөдө аза күтүү жарыяланып, өзгөчө кырдаал киргизилиши мүмкүн.

Эске салсак, өткөн аптада башталган туруксуз аба ырайы аймакка бир топ жоготууларды алып келген. Катуу шамал жана тынымсыз жааган катуу жамгырдан деңиз суусу көтөрүлүп, калктуу аймакты жууп кеткен.

Жаратылыш паркында эс алып жүргөн туристтер, деңиз жээгинде жашаган жергиликтүү калк жана эки үй-бүлөнү кошкондо жалпысынан набыт болгондордун саны 29га жетти.

Copyright © 2017 Maral FM