Биз менен байланышыңыз

Казакстанда балага зар үй-бүлөлөр көбөйүүдө

Дүйнө | 4 Ноя 2018 | 993 | 0

Казакстанда жаш жубайлардын тукумсуздугу курч маселе бойдон калууда. Мурда бул нерсе аялдарга гана тиешелүү деп каралса, азыр адистердин айтымында,  балалуу болбой калганга 45% учурда эркектердин тукумсуздугу себеп болууда. Бул тууралуу Zakon.kz маалымат сайты жазды.

Европанын урологдор ассоциациясынын маалыматы боюнча, Казакстанда жаш жубайлардын 25%ы алгачкы бир жыл ичинде балалуу боло алышпайт. Алардын 15%ы тукумсуздуктан улам дарылануудан өтүшөт. Ал эми 5 %ына жакыны баласыз бойдон калууда.

Улуттук урология борборунун дарыгерлеринин айтымында, бул маселени чечүү үчүн адистердин комплекстүү аракети керек. Тагыраагы, уролог, андролог, репродуктолог, гинеколог ж.б. биргелешип иш алып барышы керек.

Белгилей кетсек, бул маселе Улуттук урология борборундагы “Репродуктивдик саламаттыктын актуалдуу аспектилери” аталыштагы форумдун алкагында талкууланган.

Copyright © 2017 Maral FM