Биз менен байланышыңыз

«Аялдардын тукумсуздугуна 60% инфекциялар себеп болот»

Аялдардын тукумсуздугуна 60 % инфекциялар себеп болот. Бул тууралуу гинеколог Бактыгүл Абдраманова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жыныс органдарынын сезгенүүсү тукумсуздукка алып келет. Анын артында түйүлдүк жатын түтүкчөсүнө бүтүп калышы ыктымал. Түйүлдүктү алып салган менен бул процесс кайра кайталана бериши мүмкүн.

Аялдардын гормондору туура эмес иштегенде да, тукумсуздук пайда болот.

«Гормондордо маселе жаралганда айыз цикли бузулат да, энелик жумуртка убагы менен жарылбайт. Булардын баары тукумсуздукка алып келет. Мындан сырткары бойдон алдыруу тукумсуздукка себеп болушу ыктымал. Тактап айтканда, бойдон алдырган кезде кайра боюна бүтпөй калуу коркунучу бар. Кээде кыздар жатын же энелик бездери жок төрөлүшү мүмкүн, бул да тукумсуздуктун себептеринин бири», — дейт Абдрахманова.

Адистердин айтымында, тукумсуздукту айыктыруу оор.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM