Биз менен байланышыңыз

Тукумсуздуктун алдын алуу үчүн…

Акыркы жылдары дүйнө жүзү боюнча эркектер арасында тукумсуздук өсүүдө. Бул тууралуу уролог-андролог Жаныбек Мырзабеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мурда эркектерге салыштырмалуу аялдарда тукумсуздук көп кездешчү. Тактап айтканда, тукумсуздуктун 80 %ы айымдарга туура келчү.

Дүйнөлүк акыркы статистикалар көрсөткөндөй, тукумсуздук эркектерде да көбөйүүдө. Мунун алдын алуу үчүн колдон келсе, бала төрөлгөндөн тарта көңүл буруу зарыл. Бала 1 жашка чыкканга чейин хирург, 3 жашка чейин андролог, андан ары урологдорго көрсөтүп туруу керек

«Учурда 45 %га чейин эркектер тукумсуздук менен жабыркап келет. Анын себептери көп. Ата-энелер бала төрөлгөндө жакшы карабай коюшу — башкы себептердин бири. Мындан сырткары, көпчүлүк эркектер урологго кайрылышпайт. Кыргызстанда мырзалар үйлөнүп, балалуу болбой калганда гана дарыгерге кайрылат. Кош бойлуулукту пландоо, ага даярдыктар ата-энелери тарабынан да айтылбайт», — дейт Мырзабеков.

Тукумсуздукка түрткү болгон бир катар себептер бар

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM