Биз менен байланышыңыз

Тукумсуздукка түрткү болгон бир катар себептер бар

Ден соолук | 1 Июл 2019 | 1419 | 0

Адистердин айтымында, Кыргызстанда экстракорпоралдык уруктандыруу аркылуу балалуу болгондор жыл санап өсүп барат. Кыргызстан тургай, дүйнөдө: Европа, жакынкы Азия өлкөлөрүндө да мындай ыкма кадимки көрүнүш катары кабылданып калган. Акыркы кездеги технологиялык гаджеттердин колдонулушу, магниттик алкактын таасири жана аз кыймылдуулук тукум улоого терс таасирин тийгизүүдө. Бул факторлордун катарына тамеки чегүү жана туура эмес тамактанууну да кошууга болот. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы «Мемориал» клиникасынын дарыгерлери «Марал» радиосуна берген маегинде айтышты.

Муну менен катар, тукумсуздук, бөйрөк ооруларына чалдыккан бейтаптар үчүн кеңеш айтышып, алдын алуу жолдору боюнча маалымат беришти. Белгилей кетсек, аталган клиниканын дарыгерлери мындай кеңештерди акысыз жүргүзүп келишет.

Алардын айтымында, эркектин уруксуздугуна, жалпы эле адамдын алсыздыгына антибиотик дарыларды ашыкча колдонуу жана тамеки чегүү алып келет. Мындан улам, 1960-2000-жылдар аралыгында эркектердин бел кубаты 50 пайызга төмөндөгөнүн хируруг Мерт Альтинель билдирди.

«Ар түрдүү жугуштуу оорулар бөйрөккө күч келтирип, адам алсырап, бат чарчайт, ишке жөндөмдүүлүгүн жоголот. Генетиканын жана тамекини көп чегүүнүн кесепети бөйрөктөгү таштын пайда болуусуна жеткирет. Мындан операция аркылуу кутулса болот», — дейт профессор Алааттин Йылдыз.

Учурда эртеден кечке отуруп иштегендер арасында варикоз оорусу көбөйүп баратат. Мисалы компьютерде көпкө отурганда, кан айланбай бир жерге топтоло берип, тамырлар ичкерип кетет. Натыйжада, адам тукумсуздукка чалдыгат.

Негизинен эркектердин уругунун активдүүлүгү 60 пайыздан жогору болсо, балалуу болуусу оңой. 40-30 пайыз орто, андан төмөн болсо начар деп аталат. Көбүнчө эркектердин тукумсуздугу коркунуч жаратат.

«Ал эми ЭКО (Экстракорпоралдык уруктандыруу) жолу менен төрөгөндөр бар, балдарынын ден соолугу жакшы», — дейт хируруг Али Энвер Курт.

— 20 жылдан бери бул тармакта эмгектенип келем. ЭКО жасатып төрөгөн аялдар көп болду. Азыр алардын балдары чоңоюп калганын да көрдүм, башка балдардай эле ден соолугу чың жана эч кандай ооруга чалдыккан эмес.  

«Вита» гемодиализдик борборунун жетекчиси Азамат Маккамбаев бөйрөк алмаштыруу, аялдардын жана эркектердин тукумсуздугу тууралуу бейтаптарда көп суроолор пайда болгондуктан, атайын Түркиядан дарыгерлерди чакырганын айтты.

— Бөйрөк оору, тукумсуздук жана башка ооруларга чалдыгуу көйгөйү Кыргызстанда эле эмес, бардык өлкөлөрдө бар. Бейтаптардын суроолору көп болгондуктан, атайын Түркиядагы «Мемориал» клиникасынын дарыгерлерин чакырдык. Бейтаптардын суроолоруна жооп берип, оорунун алдын алуу жолдорун айтып беришет. Андан сырткары, дарыгерлерге симпозиум өткөрүп беришет. 

Кошумчалай кетсек, Түркиядагы «Мемориал» клиникасынын дарыгерлери Кыргызстанга «Вита» гемодиализ борборунун чакыруусу менен келди. Дарыгерлер Кыргызстандагы бейтаптарды кабыл алып, маалымат беришти. 28-июнда жергиликтүү дарыгерлер менен бирге симпозиумга да катышты. Айта кетчү жагдай, «Вита» гемодиализ борбору «Мемориал» клиникасынын Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM