Биз менен байланышыңыз

«Такма жалаяктардын баланы тукумсуздукка алып келүү коркунучу бар»

Бир жолу колдонулуучу такма жалаяктардын баланы тукумсуздукка алып келүү коркунучу бар. Бул тууралуу уролог-андролог Жаныбек Мырзабеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, айрым эркектер жумурткасы бар же жок экенин билбей жүрө берет. Ата-энелер жаштайынан тарта баланын жумурткалары кандай жетилип жатканын текшерип турушу керек. Жетилүү процессинде жумуртка кысылып калбашы керек.

«Бир жолу колдонулуучу синтетикалык жалаяктар колдонгондо ысып, жумурткалардын өсүшүнө тоскоолдук жаратат. Жеке гигиена, тазалык үчүн эркек балдарды сөзсүз сүннөткө отургузуу зарыл. 3-4 жаштан тарта сүннөткө отургузууга болот», — дейт Мырзабеков.

Ал белгилегендей, тукумсуздуктун алдын алуу үчүн өз алдынча дары ичүүгө болбойт. Сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылып, анализ тапшыруу зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM