Биз менен байланышыңыз

Балдардын жалаягынан кооптуу зат табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Янв 2019 | 710 | 0

Франциядагы «Anses» эл аралык саламаттыкты сактоо уюму жаш балдар үчун колдонулган жалаяктардын курамын изилдөөгө алып, анда ден соолукка зыяндуу химиялык заттардын нормадан ашыкча колдонулганына күбө болду. Бул тууралуу Би-би-си жазды.

«Anses» уюму Францияда жана башка мамлекеттерде көп колдонулчу жалаяк маркаларына тест жүргүзүп, тыянакты  ыкчам чара көрүү талабы менен Франциянын өкмөтүнө жиберди. Уюмдун маалыматына ылайык жалаяктарда бир нече химиялык зат менен бирге ашыкча өлчөмдө глифосат заты бар.

Уюмдун докладында айтылгандай, бир бөбөк 3 жашка чейин орточо 4миң даана жалаяк коротот. Андагы химиялык зат баланын заарасы менен нымдалышып, денеге таасир этет.

Глифосат көпчүлүк мамлекеттердин айыл чарба тармагында отоо чөптөрдү өлтүрүү үчүн өндүрүлүп, колдонулат. Дуйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму глифосатты канцероген же ракка алып келүүчү зат деп тааныган. Америкада глифосат өндүргөн заводдо бир адам рак оорусуна чалдыкканы үчүн компанияны сотко берип, ири өлчөмдө каражат өндүргөн.

Кошумчалай кетсек, Француз өкмөтү өлкө аймагында бөбөктөр үчүн жалаяк чыгарган компанияларга 15 күндүн ичинде анын курамын өзгөртүп, алдын алуу чараларын көрүүсүн талап кылды. Ал эми глифосатты колдонууга 2021-жылдан тарта тыюу салынмакчы.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM