Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик сатып алуулардын 95инде мыйзам бузулган

Кыска кабар | 4 Ноя 2018 | 582 | 0

Ушул жылы 9 айдын ичинде мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө 95 коррупция фактысы катталган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Бул фактылар жалпысынан бюджетке 125,2 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Алардын 91 фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, бюджетке 18,1 млн сом түшкөн.

Мекеме 2018-жылдын 10 айынын отчёту чыкканына карап, кадрдык потенциалын жакшыртууга, ички реформаны жүргүзүүгө көңүл бурат. Негизги, маанилүү аймактарга мыкты натыйжа көрсөтүп келген кызматкерлерин коюуну көздөйт.

Copyright © 2017 Maral FM