Биз менен байланышыңыз

Президент: Баарыбыз «мен — кыргызстандыкмын» деп жашоого милдеттүүбүз

Кыска кабар | 3 Ноя 2018 | 841 | 0

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 3-ноябрда Ош шаарында өтүп жаткан «Ош — Чыңгыз Айтматовдун тагдырында» аттуу салтанаттуу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Анда өлкө башчы сөз сүйлөп, Айтматов менен Ош шаарынын тагдыры бекем байланышканын, залкар жазуучунун кыргызды дүйнөгө таанытканын айтты.

Тынчтыкты сүйүүнү, тең укуктуулукту сактоону, этникалык, диний, саясий ар түрдүүлүккѳ сабырдуулук менен мамиле кылууну осуят калтырган. Өлкѳдѳ улуттар аралык ынтымакты көздүн карегиндей сактап, мамлекеттин ѳнүгүүсүнө кызмат кылууну — улуу даанышманыбыздын осуятын аткаруу деп түшүнүү керек. Улутубузга, тилибизге, динибизге, саясий позициябызга карабай, баарыбыз теӊ «Мен — кыргызстандыкмын» деген күчтүү жарандык сезим менен жашоого милдеттүүбүз”,-деп белгиледи президент.

Жээнбеков Айтматовдун мааракесине арналган иш-чаралар Бириккен Улуттар Уюмунда, Түркияда, Өзбекстанда, Орусияда, Казахстанда, Азербайжанда белгиленип, Түрксой быйылкы жылды залкар жазуучунун урматына арнаганын да билдирди.

Прзедиденттин кайрылуусунда Айтматовдун китептери дүйнөнүн 176 тилине которулуп, жер шарынын 128 өлкөсүндө 100 миллиондон ашык нуска менен басылып чыкканы да айтылды.

 

Copyright © 2017 Maral FM