Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад шаарында спорттук комплекс ачылды

Кыска кабар | 3 Ноя 2018 | 668 | 0

2-ноябрда Жалал-Абад шаарында ден соолукту чыңдоочу спорт комплекси ачылды. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган бир катар депутаттар катышты.

Жалпы аянты 2,5 миӊ чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат «Газпром-Балдарга» программасынын алкагында курулган. Имарат спорттун көп түрү боюнча машыгууга жана таймаш өткөрүүгө ылайыкташтырылып, керектүү заманбап жабдуулар менен камсыздалган.

Комплекстин ачылышында төрага Дастан Жумабеков сөз сүйлөп, комплексти куруп берген “Газпром” компаниясына ыраазычылык айтты.

«Мамлекетибиздин башкы максаты калктын социалдык-экономикалык абалын чыӊдоо менен татыктуу жашоону камсыз кылуу. Андыктан, ишке ашырылып жаткан бардык долбоорлорду ийгиликтүү улантып, биргеликте аракет кылуубуз кажет»,-деди Жумабеков.

Copyright © 2017 Maral FM