Биз менен байланышыңыз

Өлкөнүн бир катар аймактарында табигый газ өчүрүлөт

Кыска кабар | 1 Апр 2019 | 591 | 0

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Кыргызстандын бир катар аймактарында табигый газ өчүрүлөт.  Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы билдирди.

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы газды өчүрүү тартиби боюнча маршруттук маалымат тизмесин жарыялады:

1-апрелде Ош шаарынын Жаны-Турмуш аймагында;

1-5-апрелде Чүйдүн Аламүдүн айылынын Аламүдүн дарыясы көчөсү, Гидростроитель, Алма-Ата, Набережная, А. Иваницин 60,60А; И. Панфилов, Кожожаш, Н. Гоголь, Школьный көчөлөрүндө; ЖЧК «Шин-Лайн» ишканасында;

2-4-апрелде Бишкек шаарынын К. Көлбаев, Э. Ибраев, Сокулук, Ысык-Көл көчөлөрүндө;

2-4-апрелде Бишкек шаарынын Н. Исанов, Токтогул көчөлөрүндө, Манас, Чүй проспектисинде, А. Сыдыков көчөсүндө;

— 3-4-апрелде Бишкек шаарынын К. Орозов, П. Лумумба, М. Абдраев көчөлөрүндө газ оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөнүн мекеме кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM