Биз менен байланышыңыз

Бир топ райондордо жаратылыш газы өчүрүлөт

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 553 | 0

«Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын жана Баткен облусунун айрым аймактарына жаратылыш газын берүүнү токтотот. Бул тууралуу аталган коомдун маалымат кызматы билдирди.

Жаратылыш газын берүү төмөнкү райондордо токтотулат:
— 17-21-июнда Бишкек шаарынын Муса Жалил, Чебоксары көчөсүндө;
— 19-20-июнда Маевка айылынын Южная көчөсүндө;
— 19-20-июнда Бишкек шаарынын 7 апрель – Ахунбаев көчөлөрүндө;
— 17-19-июнда Аламүдүн айылынын МТФ районунда;
— 18-19-июнда Кадамжай шаарында;
— 21-июнда саат 9:00 -17:00 чейин Айдаркен шаарында;

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM