Биз менен байланышыңыз

Казакстан менен чек арадагы “Акжол-автожол” пункту убактылуу жабылат

Кыска кабар | 13 Фев 2020 | 669 | 0

20-февралдан тарта Казакстан менен чек арадагы “Акжол-автожол” көзөмөл-өткөрмө жайы оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү токтотулат.

Бул тууралуу бүгүн Чек ара кызматында өткөн брифингде Чек ара кызматынын чек араны көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Нурланбек Жалбиев билдирди.

Анын айтымында, жарандар чек ара жайынан жөө басып өтсө болот. Бирок, коммерциялык максатта жана колуна алып жүргөн көлөмдүү жүгү жок болушу зарыл.

“Чек арадагы көзөмөл-өткөрүү жайында оңдоо иштери жүрөт. 2020-жылдын аягына чейин биз оңдоо жана модернизациялоо иштерин аяктайбыз деп пландап жатабыз. Оңдоо иштеринен кийин паспортторду текшерүүчү кабиналар көбөйтүлөт. Жарандар өтүүчү сегиз тилке болот. Чек арадан өтчү жарандар үчүн күтүү жайы жана бир катар жагымдуу шарттар түзүлөт”, — деди Жалбиев.

“Акжол-автожол” көзөмөл-өткөрмө жайы жергиликтүү убакыт боюнча 6.00 дөн 00.00гө чейин иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM