Биз менен байланышыңыз

Кара-Балтадагы газ кызматынын имараты жаңыланды

Коом | 30 Ноя 2018 | 855 | 0

Кара-Балта газ экплуатациялык имараты реконструкцияланды. Ондоп түзөө иштери “Газпром Кыргызстан” инвестициялык программасынын алкагында ишке ашты. Эски имарат 1973-жылы курулуп жараксыз абалга келип калган. Реконструкцияга жалпысынан 28 млн сом сарпталган.

“Газпром Кыргызстандын” колдоосу менен Чуй облусундагы дагы бир чоң объекти толугу менен реконструкциядан өттү. 1973-жылы курулуп, эскилиги жеткен Кара-Балта газ эксплуатациялоо кызматынын имараты оңдолуп, шаар тургундарына да жакшы шарттар түзүлдү. Анткени абоненттер ушул эле имараттын алдыңкы кабатынан ар кандай суроолор боюнча кайрылса болот.

Бул имарат Кара-Балтадагы эң көрүнүктүү имараттардан болуп калды окшойт. Бизге жагымдуу. Ичине кирсең дагы жагымдуу. Элге газ берилип, ал жагынан да жакшы шарттар түзүлдү.

Кара-Балта газ эксплуатациялоо кызматы шаардын 5 миңдей калкын, ошондой эле “Каинды-Кант” кант заводун, “Два Союза” айнек заводу сыяктуу чоң ишканаларды камсыздайт. Бирикмелер жана калктын суткалык керектөөсү 33 миң м3 түзсө, өнөр жайлар 108 миң м3 иштетет. Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгуналы Абдраимов мындай шарттар калк үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.

Бул ири компаниянын инвестиция кылып жатканы чоң иш. Анткени азыркы учурда бардык өлкөлөр көмүрдөн качып, газга өтүп жатат. Бул үчүн шар түзгөн компанияга ыраазычылык билдиребиз. Учурдан пайдаланып, газдын баасы дагы өз убактысы менен арзандайт деген үмүттөбүз.

Реконструкцияга жалпысынан 28 млн сом сарпталган.  “Газпром Кыргызстан” мындай реконструкция иштерин Чүй облусу боюнча бардык кеңселерде ишке ашырган. Ошондой эле, эки жылдын ичинде инвестициялык программанын негизинде “Газпром” 400 чакырым газ түтүктөрүн орнотушкан. «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев эң башкы максат калк жашаган аймактарды газдаштыруу экенин баса белгиледи.

-Түндүк аймак боюнча оңдоп- түзөө иштери жүрбөгөн бир дагы административдик имараттар калган жок деп билебиз. Жакшы иш жүрүш үчүн иштеп жаткандарга ыңгайлуу шарт түзүү керек. Ошондой эле биздин максат, бардык аймакты газдаштыруу болуп саналат. Мисалы, эки жылдын аралыгында 400 чакырым түтүк орноштурдук. Алардын 185 чакырымы Чүй облусуна туура келет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймактарын масштабдуу түрдө газдаштыруу иштери 2014-жылы башталган. 4 жыл аралыгында “Газпом Кыргызстан” тарабынан бир катар имараттар курулуп, газдаштыруунун пайызы 22%-30% көтөрүлгөн. 2015-жылдан 2018-жылга чейин “Газпром” Кыргызстанга 23,1 млрд сом өлчөмүндө инвестиция салган.

Copyright © 2017 Maral FM