Биз менен байланышыңыз

Израиль C-300 ракеталык комплексинен коркууда

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Ноя 2018 | 614 | 0

Израиль күчтөрү орусиялык С-300 ракеталык комплекси Сирияга берилгенден бери бир да жолу аймакка сокку жасай элек. Мунун себеби, алар аталган жогорку денгээлдеги куралдан кооптонууда экенин белгилешет серепчилер.

17-сентябрда Сириянын аба коргонуу күчтөрү кокустуктан орус аскердик учагын атып түшургөн окуяда негизги күнөөлүү катары Израиль көрсөтүлгөн. Анткени израилдик учактар орус учагынын артына жашырынып, Сириянын Латакия облусуна сокку урган. 11 орус аскеринин өмүрүн алган окуядан бери, Израиль бийлиги Сириядагы иш-аракетин токтотпосун байма-бай айтып келгенине карабай, бир да жолу аскердик чабуулу каттала элек.

Кошумчалай кетсек, С-300 ракеталык зенит комплекси абадан коргонууга багытталып, 200 км аралыктан жат ракета жана башка куралдарды ажырата таанып, жок кыла алат. Аталган куралдын Сирияга берилүүсүнө Израиль, Иран баш болгон бир нече мамлекеттин бийлиги каршы болушкан. Ага карабай, Сирия согушунда бийликтеги Асад режиминин негизги өнөктөшү болгон Орусия аталган комплексти жеткирип берген.

Copyright © 2017 Maral FM