Биз менен байланышыңыз

Брюс Линин жолун жолдогон Нурмухаммед

Портрет | 5 Ноя 2018 | 30882 | 0

Өлкөдө балдарынын кыялдарын биринчи орунга коюп, анын кең келечеги үчүн аракет кылган үй-бүлөлөрдүн катары арбын. Аларды бири белгилүү актер Брюс Линин ыкмаларын дал өзүндөй кайталап аткарып көпчүлүктү таң калтырган Нурмухаммед Ташмаматовдун ата-энеси. Баласынын талантын баалаган ата-эне шарт болуп калса Нурмухаммед жакынкы күндөрү Голивудка киного тартылууга сапар алышын сүйүнчүлөдү. «Марал» радиосунун «Портрет» программасынын бул жолку каарманы дал ушул кичинекей талант Нурмухаммед Ташматов болмокчу.

Нурмухаммеддин атасы Асилбек Ормонов:

-Бизге вотсаптан (Whatsapp) кабар келди, Дубайда жүргөн балдар Голивудда 2-3 кино тарткан режиссёр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатыптыр. Бул режиссёр Нурмухаммедди тааный турганын жана анын катышуусунда кино тартууну кааларын айтты. Болгону кинону тартууга 100 млн доллар керектелерин жана ал боюнча дубайлык шейхтер менен суйлөшүп жатканын кабарлады. Буйруса, акча маселеси чечилсе эле Голливудга барып, киного тартылып калышыбыз толук мүмкүн. Бирок азырынча сунуштар гана бар, так жооп боло элек.  

Жети жашында дүйнө жүзүнүн сүймөнчүгүнө айланган Нурмухаммеддин акыркы мезгилдери айрыкча интернет булактарында Брюс Линин ыкмаларын кайталаган видеолорун көрүүгө болот. Ал актёрдун ыкмаларын дал өзүндөй кайталап аткарып көпчүлүктү таң калтырып, кичинекей болгондугуна карабастан бир топ ийгиликтерди багындырган. Жаштайынан эле спортко жакын. Нурмухаммед төрт жашынан бери каратэнин шотокан түрү менен машыгып, ар кандай мелдештерде биринчиликти багындырган. Бул жаш таланттын өнөрүн Орусия жана Украинанын телеканалдары баалап, бир катар теледолбоорлорго чакырышкан. Нурмухаммеддин атасы Асилбек Ормонов баласынын таланты эмнеден улам ачылганын айтып берди.

Балам каратэ менен машыгат. Анын нунчаки менен ойногонун видеого тартып, интернетке жайгаштырып жүргөнбүз. Жалал-Абад шаарында каратэ боюнча облус биринчилиги болгон. Ал мелдеште Нурмухаммед чемпион аталып, нунчаки менен да өзүнүн өнөрүн көрсөткөн. Биз уулумдун бул жердеги катушуусун да тасмага түшүрүп, интернетке жайгаштырганбыз. Анан ошондон кийин электрондук дарегибизге Москвадан Брюс Линин “Игра смерти” деген киносунан эпизодду ойноп бергиле деп кат келди. Алар ошол эпизодду кайталай аласынарбы деп сурашты. Нурмухаммедди эки күн даярдап, тасмага тартып кайра жөнөткөндөн кийин “Лучще всех” берүүсүнө чакыруу келди. Ага барып катышып келгенбиз. Мына ушундан улам Брюс Линин трюктарын ойноп калган. Моквага барганда уулум 6 жашта эле, азыр сегизге чыкты. Жакында эле Украинанын “Круче всех” телеберүүсүнө катышып келдик. Андан мурдараак Москвада “Синяя птица” долбоорунун  тандоосуна да барганбыз, эч кандай жооп келе элек. Уулумдун Кудай берген таланты бар экен, биз туура жол көрсөтүп, машыгууларын көзөмөлдөп турабыз.

Нурмухаммед жогоруда айтылган теледобоорлорго катышып келген соң кыргыз коомчулугуна кеңири тааныла баштады. Ал тургай интернетте Казакстандын эли «биздин бала» деп жарыялап да жиберген. Бирок дүйнө жүзүн таң калтырган Нурмухаммеддин кичи мекени Жалал-Абад шаары.

-Жалал-Абад шаарында жашайбыз. Уулум ушул эле шаардагы №14 мектепте окуйт. Нурмухаммед балдарымдын үчүнчүсү, андан улуу эки кызым бар. Уулумдун мүнөзү токтоо, бир жумуш аткарарда сөзсүз сурайт, сабагын калтырбай жакшы окуйт, достору менен ойногонго да убакыт табат. Албетте, башкаларга караганда убактысын көбүрөөк машыгуу менен окуусуна жумшайт.

Каарманым талантынын арты менен сүйүктүү актёру Брюс Линин кызы жана аялы менен байланыш түзүп алган. Нурмухаммедге актёрдун кызы интернетте социалдык тармак аркылуу кат жиберип турат. Алгачкы катында кызы атасынын таланттын улантып жатканы үчүн ыраазычылык билдирген.

-Кечээ Брюс Линин 72 жаштагы жубайы менен суйлөштүм. Дүйнө жылдызынын кызы да кат жазып турат. Ал атасынын өнөрүн уланткан үчүн уулума алкышын айтып, интернетте жок сүрөт жана тасмаларын суранат. Балам актёрдун трюктарын кайталагандагы видеолорун өзүнүн баракчасына да жайгаштырган.

Бүгүнкү күндө Нурмухаммеддин ата-энесине коңшу мамлекет Өзбекстан менен Каазакстандан көптөгөн сунуштар келип турат. Аталган өлкөнүн желегинин астында өнөрүн тартулоо сунушталган. Бирок Асилбек Ормонов эч бир сунушка макулдугун берген эмес.

-«Биздин өлкөнүн атынан чыккыла, колдоо көрсөтөлү»,- деп чет өлкөлөрдөн көп сунуш түшкөн. Сунуштардын көпүлүгү кошуна мамлекеттерден. Бирок башка өлкөнүн атынан чыгуу оюбузда да жок. Буйруса, алдыда чоң ой-максаттарыбыз бар. Алланын буйругу менен акырындан максаттарыбызды орундатып, алдыга умтулуудабыз.

Нурмухаммеддин ата-энеси баласынын ар бир күнүнө атайын күндөлүк түзүп койгон. Анын төрт саатын каратэнин шотокан түрү менен машыгууга бөлөт.

-Нурмухаммеддин убактысын так бөлүп койгонбуз. Эрте менен мектепке барат, келери менен түштөнүп,  машыгууга киришет. Бир күн облустук ИИБдин залында ыкчам чара көрүүчү топтун балдары менен, бир күн мени менен үйдө машыгат.

Бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөрдүн конкурстарга сунуштар келип турат. Бирок англис тилинде болгону Нурмухаммедге кыйынчылык туудурат. Мындан улам баласын англис тили курсуна окутууну пландоодо.

Чет өлкөнүн долбоорлорунан да сунуштар көп келет. Бирок англис тилин билбегенден улам бара албайбыз. Буйруса, уулумду англис тили боюнча курска окутууну пландап жатабыз. Бизде турак жайбыз жок эле, азыр үйүбүздүн курулуш иштери бутөйүн деп калды. Жакында үйлүү болобуз. Өзүбүздүн турак жайга көчүп чыгары менен уулумдун графигине 2 сааттык англис тилин киргизебиз. Каражаттын жоктугунан улам чакырууларга барбай калган күндөрүбүз да болгон. Эң негизгиси, Голливуд кинолоруна тартылуу үчүн тил билүүбүз зарыл.

Каарман эр жетсем актёр болууну самайт.

Нурмухаммед: Башында эки таяктын башын бириктирип ойночмун, кийин атам нунчаки алып берди. Мага бизди Украинада тосуп алганы абдан жакты. Буйруса, “Синяя птица” долбооруна да барам. Математика, орус-тилин жана дене-тарбия сабактарын жакшы көрөм. Буйруса өзүм жакшы көргөн Брюс Лидей белгилүү актёр болгум келет. Ал абдан күчтүү.

Жаш болсо да өнөрүн күн сайын өркүндөтүп келе жаткан Нурмухаммед өлкөнүн атын чет элге таанытып, келечекке койгон максаттарына карай алга умтулууда. Биз дагы ага жетишкендиктерди каалап, ийгиликтерди багынтуусуна тилектешпиз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM