Биз менен байланышыңыз

Бурулайдын портрети Бишкектеги имаратка тартылды

Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 1056 | 0

Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын портрети Бишкек медициналык колледжинин имаратына тартылды. Бул тууралуу  DOXA art-group тобундагы сүрөтчүлөр инстаграмга жазышты.

“Биз бул жылдыздуу кыздын трагедиялуу тагдыры баарына маалым деп ойлойбуз. Бул сүрөт коомчулуктун көңүлүн гендердик, аялдарга жана кыздарга болгон зордук-зомбулукка, үй-бүлө куруу үчүн ала качуу маселесин түп-тамырынан жоюуга бурат”, — деп айтылган.

Эскерте кетсек, 19 жаштагы Бурулай быйыл 27-майда ала качуунун курмандыгы болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM