Өлкөдө балдарынын кыялдарын биринчи орунга коюп, анын кең келечеги үчүн аракет кылган үй-бүлөлөрдүн катары арбын. Аларды бири белгилүү актер Брюс Линин ыкмаларын дал өзүндөй кайталап аткарып көпчүлүктү таң калтырган Нурмухаммед Ташмаматовдун ата-энеси. Баласынын талантын баалаган ата-эне шарт болуп калса Нурмухаммед жакынкы күндөрү Голивудка киного тартылууга сапар алышын сүйүнчүлөдү. «Марал» радиосунун «Портрет» программасынын бул жолку каарманы дал ушул кичинекей талант Нурмухаммед Ташматов болмокчу.
Нурмухаммеддин атасы Асилбек Ормонов:
-Бизге вотсаптан (Whatsapp) кабар келди, Дубайда жүргөн балдар Голивудда 2-3 кино тарткан режиссёр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатыптыр. Бул режиссёр Нурмухаммедди тааный турганын жана анын катышуусунда кино тартууну кааларын айтты. Болгону кинону тартууга 100 млн доллар керектелерин жана ал боюнча дубайлык шейхтер менен суйлөшүп жатканын кабарлады. Буйруса, акча маселеси чечилсе эле Голливудга барып, киного тартылып калышыбыз толук мүмкүн. Бирок азырынча сунуштар гана бар, так жооп боло элек.
— Балам каратэ менен машыгат. Анын нунчаки менен ойногонун видеого тартып, интернетке жайгаштырып жүргөнбүз. Жалал-Абад шаарында каратэ боюнча облус биринчилиги болгон. Ал мелдеште Нурмухаммед чемпион аталып, нунчаки менен да өзүнүн өнөрүн көрсөткөн. Биз уулумдун бул жердеги катушуусун да тасмага түшүрүп, интернетке жайгаштырганбыз. Анан ошондон кийин электрондук дарегибизге Москвадан Брюс Линин “Игра смерти” деген киносунан эпизодду ойноп бергиле деп кат келди. Алар ошол эпизодду кайталай аласынарбы деп сурашты. Нурмухаммедди эки күн даярдап, тасмага тартып кайра жөнөткөндөн кийин “Лучще всех” берүүсүнө чакыруу келди. Ага барып катышып келгенбиз. Мына ушундан улам Брюс Линин трюктарын ойноп калган. Моквага барганда уулум 6 жашта эле, азыр сегизге чыкты. Жакында эле Украинанын “Круче всех” телеберүүсүнө катышып келдик. Андан мурдараак Москвада “Синяя птица” долбоорунун тандоосуна да барганбыз, эч кандай жооп келе элек. Уулумдун Кудай берген таланты бар экен, биз туура жол көрсөтүп, машыгууларын көзөмөлдөп турабыз.
-Жалал-Абад шаарында жашайбыз. Уулум ушул эле шаардагы №14 мектепте окуйт. Нурмухаммед балдарымдын үчүнчүсү, андан улуу эки кызым бар. Уулумдун мүнөзү токтоо, бир жумуш аткарарда сөзсүз сурайт, сабагын калтырбай жакшы окуйт, достору менен ойногонго да убакыт табат. Албетте, башкаларга караганда убактысын көбүрөөк машыгуу менен окуусуна жумшайт.
Каарманым талантынын арты менен сүйүктүү актёру Брюс Линин кызы жана аялы менен байланыш түзүп алган. Нурмухаммедге актёрдун кызы интернетте социалдык тармак аркылуу кат жиберип турат. Алгачкы катында кызы атасынын таланттын улантып жатканы үчүн ыраазычылык билдирген.
-Кечээ Брюс Линин 72 жаштагы жубайы менен суйлөштүм. Дүйнө жылдызынын кызы да кат жазып турат. Ал атасынын өнөрүн уланткан үчүн уулума алкышын айтып, интернетте жок сүрөт жана тасмаларын суранат. Балам актёрдун трюктарын кайталагандагы видеолорун өзүнүн баракчасына да жайгаштырган.
Бүгүнкү күндө Нурмухаммеддин ата-энесине коңшу мамлекет Өзбекстан менен Каазакстандан көптөгөн сунуштар келип турат. Аталган өлкөнүн желегинин астында өнөрүн тартулоо
-«Биздин өлкөнүн атынан чыккыла, колдоо көрсөтөлү»,- деп чет өлкөлөрдөн көп сунуш түшкөн. Сунуштардын көпүлүгү кошуна мамлекеттерден. Бирок башка өлкөнүн атынан чыгуу оюбузда да жок. Буйруса, алдыда чоң ой-максаттарыбыз бар. Алланын буйругу менен акырындан максаттарыбызды орундатып, алдыга умтулуудабыз.
Нурмухаммеддин ата-энеси баласынын ар бир күнүнө атайын күндөлүк түзүп койгон. Анын төрт саатын каратэнин шотокан түрү менен машыгууга бөлөт.
-Нурмухаммеддин убактысын так бөлүп койгонбуз. Эрте менен мектепке барат, келери менен түштөнүп, машыгууга киришет. Бир күн облустук ИИБдин залында ыкчам чара көрүүчү топтун балдары менен, бир күн мени менен үйдө машыгат.
— Чет өлкөнүн долбоорлорунан да сунуштар көп келет. Бирок англис тилин билбегенден улам бара албайбыз. Буйруса, уулумду англис тили боюнча курска окутууну пландап жатабыз. Бизде турак жайбыз жок эле, азыр үйүбүздүн курулуш иштери бутөйүн деп калды. Жакында үйлүү болобуз. Өзүбүздүн турак жайга көчүп чыгары менен уулумдун графигине 2 сааттык англис тилин киргизебиз. Каражаттын жоктугунан улам чакырууларга барбай калган күндөрүбүз да болгон. Эң негизгиси, Голливуд кинолоруна тартылуу үчүн тил билүүбүз зарыл.
Каарман эр жетсем актёр болууну самайт.
Нурмухаммед: Башында эки таяктын башын бириктирип ойночмун, кийин атам нунчаки алып берди. Мага бизди Украинада тосуп
Жаш болсо да өнөрүн күн сайын өркүндөтүп келе жаткан Нурмухаммед өлкөнүн атын чет элге таанытып, келечекке койгон максаттарына карай алга умтулууда. Биз дагы ага жетишкендиктерди каалап, ийгиликтерди багынтуусуна тилектешпиз.