Биз менен байланышыңыз

Америкада төрөлгөн чет өлкөлүк балдар жарандык албай калуусу мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Окт 2018 | 789 | 0

Америкада төрөлгөн бардык балдар өлкөнүн жарандыгын алуусуна каршы президенттин жарлыгы чыгат. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп жарыялады.

Анын билдиришинче, ар кандай жолдор менен Америкага кирип алган аялдар төрөгөн бала орточо 85 жыл мамлекеттин бардык мүмкүнчүлуктөрүн пайдаланат.

Мындайлар миллиондоп саналат. Муну токтотуунун убагы келди. Мага бул үчүн баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек деп айтып келишет. Жок, жарлык менен да токтотуп коюуга болот”,-дейт Трамп.

Бирок серепчилер 150 жылдык мыйзамды бир жарлык менен өзгөртүү дээрлик мүмкүн эмес экенин айтышууда. Ал үчүн АКШнын Конституциясынын 14-беренесинде “Американын аймагында төрөлгөн же Америка жарандыгына өткөн же бобосо АКШнын мыйзамдары боюнча жашаган ар бир бала төрөлгөн жеринин жараны болот” деген мыйзамды өзгөртүү керек. Ага парламенттин жана Өкүлчүлүк Жыйынынын кеминде 2\3нүн колдоосу керек.

Америкалык Pew изилдөө институтунун 2015-жылы жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча калктын 60% бул мыйзамды колдойт. Ал эми ар кандай жол менен келгендердин баласынын АКШ жараны болуп калуусуна 37% эл каршы болгон.

Укукчулардын айтымында 14-берене бүгүнкүгө чейин жетишсиз чечмеленип келген. Аны туристтик виза менен өлкөгө кирген аялдар дагы, мыйзамсыз жолдор менен киргендер дагы колдонушат. Буга тактоо киргизүү керек.

Кошумчалай кетсек, баласын Американын жараны кылуу максатында гана өлкөгө туристтик виза менен кирген кош бойлуу аялдардын саны миндеп саналат. 18 жашка чейинки 5 миллиондой баланын ата-энеси Америкага чек араларды мыйзамсыз кесип өткөндөрдүн баласы экени тастыкталган. Алардын 3\4ү Түштүк Америкадан баргандар экени маалым.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM