Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравиясында Хеллоуинди майрамдаган чет элдиктер кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Окт 2018 | 810 | 0

Сауд Аравиясынын борбору Эр-Рияд шаарында Хеллоуин майрамын белгилеп жаткан филлипиндик 17 жаран кармалды. Бул тууралуу BBC жазды.

Саудияда эмгек мигранты катары жашаган филлипиндиктер ызы-чуу кылып жатканын коңшулар айтып арызданышкан. Сауд полициясы аларды убактылуу кармоочу жайга киргизишкен. Өлкөдө Ислам дининен башка диндерди ачык жарыялоого тыюу салынгандыктан, кармалгандар “Башка диндин иш-чарасын жарыялоо жана топтолуп жасоо” жана “Коншулардын тынчын алуу” беренелери боюнча айыпталышууда. Полиция чет элдик жарандардын башка өлкөгө келгенде ал жердин мыйзамдарын, адат-салттарын биле жүрүүсү зарыл экенин эскертишет. Кармалгандарга кандай жаза берилери азырынча беймаалым.

Эске салсак, БУУнун маалыматы боюнча Саудияда 2 миллионго жакын иммигранттар бар. Басымдуу бөлүгүн үй кызматчысы, имараттарды жана көчөлөрдү тазалоочу болуп эмгектенген филлипиндик, бангладештик жана индиялыктар түзүшөт.

Хеллоуин майрамы Ирландияда бутпарастыктан келип чыккан эски  майрам. Алар өлгөндөргө сыйынып, алардын “ыйык” жандары келе турган түн деп 31-октябрды белгилешкен.

Бирок учурда бул күндү көпчүлүк христиан агымдары ар түрдүү ишенимдерине байланыштырып белгилечү болушкан. Өлгөндөрдүн коркунучтуу элестерин чагылдырган беткаптарды жана кийимдерди кийип алышып, алдынан чыккандарды коркутуп тамак же акча талап кылышат. Бул майрамдын символу болгон ичинде шам жагылган коркунучтуу жүздүү ашкабак өлгөндөрдүн жаны караңгыда жол таппай калбасын деген максатта жасаларын айтышат. Христиандыктын негизги бутагы болгон православия бул күндү майрам катары жокко чыгарганына карабастан, жаштар арасында жөн гана көңүл ачуу катары белгиленип, түнкү клубдарда белгилөөнү адат кылгандар бар.

Copyright © 2017 Maral FM