Биз менен байланышыңыз

Трампка каршы нааразылык акциялары өтүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Окт 2018 | 714 | 0

11 кишинин өмүрүн алган кол салуу болгон Американын Питсбург шаарындагы жөөт ибадатканасын зыярат кылган президент Дональд Трампты жүздөгөн шаардыктар нааразылык акциялары менен тосуп алышты. Бул тууралуу BBC кызматы билдирди.

Митингчилер «Жек көрүүнүн президенти, биздин штаттан кет!», «Сөздүн дагы мааниси бар!» деген жазуусу бар плакаттар менен чыгышкан. Алар аталган окуяга жогорку макамдагы саясатчылардын, өзгөчө Трамптын жек көрүү жана тукуруу мүнөзүндөгү сөздөрү себеп болгонун белгилешет.

Каргашалуу окуядан кийин жергиликтүү жана эл аралык басылмалар чынында эле Америка саясаты Трамптын режими учурунда кадимкидей жекирүүчү кайрылуулар жана мамилелер менен эриш-аркак болуп кеткенин жазышууда. Трамп өзү оппозицияга, мигранттарга, кээ бир диний жана этникалык азчылыктарга, ошондой эле чет өлкөлүк атаандаштарына карата да негативдүү билдирүүлөрүн байма-бай ачыктап келет. Бул жагдай коомчулуктагы кээ бир ашкере оңчул, расист катмарга күч берип, өздөрүнө жакпаган топторго каршы каалагандай мамиле кылууга ачык эле өтүп алышкан.

“Өмүр дарагы” синагогундагы каргаша дал ошолордун бирөө болду. Семиттерге каршы ашыкча жек көрүүгө толгон жаран ибадатканага келип, жөөт ибадатчыларына ок чыгарып, 11 кишини набыт кылган. Бул өлкөдөгү этникалык жана диний азчылыктардын кооптонуусуна негиз болду.

Reuters агенттигинин билдиришинче, Трамптын келүүсүнө каршы 2 миңдей киши демонстрацияга катышкан. 70 миңдей киши президенттин ак терилүүлөргө үстөмдүк берген улутчулдугунан баш тартмайынча анын Питсбургга болгон сапарын кабыл албай турганын билдирген ачык катка кол коюшкан. Ал эми президентти зыяратка коштоп барууга чакырылган жогорку макамдагы төрт чиновник андан баш тарткан. Бирок Пентагон жогорудагы айыптоолордун баарын четке кагууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM