Биз менен байланышыңыз

Астанада КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын саммити өтөт

Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 541 | 0

2-ноябрда Астанада Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчыларынын саммити өтөт. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

КМШга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелерди көтөрүп, маданий-гуманитардык жана финансы тармагында бирге иш алып барууну талкуулашат.

 

Copyright © 2017 Maral FM