Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык дзюдочу дүйнө биринчилигинде коло медал алды

Кыска кабар , Спорт | 30 Окт 2018 | 758 | 0

Кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий БАЭда өткөн Grand Slam 2018 жогорку денгээлдеги дүйнө биринчилигинде коло медаль утту.

Аталган турнир 27-29-октябрда Абу-Даби шаарында өткөн.

Краковецкий 100 кгдан жогорку салмак ченинде күрөшүп, 1\8 финалынан баштап катышты. Биринчи беттешинде грузиялык атаандашын 2 мүнөттүн ичинде женип, чейрек финалга көтөрүлду.

Чейрек финалда орусиялык балбан Тасоевге утулуп, коло үчүн көңүл жубатуучу беттеште польшалык спортчуну утуп алган. Коло үчүн беттеште израилдик балбан менен чыкмак, бирок ал кармаштан баш тартканына байланыштуу Краковецкий женүүчү деп табылды.

Ошентип жалпы упайда ал үчүнчү орунду алып, коло байгеге татыды.

Copyright © 2017 Maral FM