Биз менен байланышыңыз

“Тропикалык Трамп” Бразилиянын президенти болуп шайланды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Окт 2018 | 764 | 0

28-октябрда Бразилияда өткөн президенттик шайлоодо оңчул талапкер Жаир Болсонару добуштун 55%ына ээ болуп, артыкчылык менен жеңип чыкты. Бул тууралуу Бразилиянын борбордук шайлоо бюросу билдирди.

Шайлоонун экинчи туруна Болсонару менен “Эмгекчилер партиясынан” талапкер Фернанду Аддад чыккан болчу. 45% добуш менен утулуп калган Аддад шайлоонун жыйынтыгы жарыяланары менен оппозицияга кетерин ачыктады.

Жаңы президент кызматка 2019-жылдын 1-январынан тарта киришет. Мурунку президент Мишел Темер Болсанаруну жеңиши менен куттуктады.

Кошумчалай кетсек,  63 жаштагы президент мурдагы аскер кызматкери. 1988-жылдан баштап саясатка аралашып келет. Шайлоочулар анын төмөнкү убадалары үчүн шайлашкан:

-коррупцияны түп-тамырынан жок кылам;

-өлкөдө курал алып жүрүүгө тыюу салам. Анткени жылына 60 миң киши куралдан өлөт;

-тек жыныстуу мамилеге тыюу салынат. Бул улуттук, адамгерчилик баалуулуктарына каршы келет;

-аялдар эркектерге караганда аз айлык алуусу керек. Себеби алар бүлөнү багууга милдеттүү эмес жана төрөт үчүн жумушту көп ташташат;

-өлкө чек арасын бекем сактоо-милдетибиз.

Мына ушул сыяктуу өзгөчө убадалары коррупциядан жана зордук-зомбулуктан тажаган бразилиялыктарга үмүт берди. Бирок анын этникалык азчылыктарга, аялдарга карата чектөөчү пикирлери коомчулукту тынчсыздандырууда. Анын бул сыпаттарын АКШ лидери Дональд Трампка окшоштурушуп, «Тропикалык Трамп» деп атап коюшкан. Болсонару өзү дагы Трампты кумир тутарын шайлоо өнөктүктөрү маалында айтып келген.

 

Copyright © 2017 Maral FM