Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бир топ милиция кызматкерлери газга карыз

Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 715 | 0

Бишкек шаарынын Калык Акиев көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйдөгү 46 абоненттин жаратылыш газына карызы бар. Бул туурасында бүгүн, 26-октябрда карызы бар абоненттерге карата жүргүзүлгөн рейд учурунда маалым болду.

Ал турак үйдө ички иштер министрлигинин кызматкерлери жашап жатышкан, жалпысынан 207 абонент бар экени маалым болду.

Буга чейин алардын ар бирине эскертүү берилип, министрликке да кат жазылганы менен карыздарын төлөшкөн эмес.

“Бишкек газ” ишканасынын маалыматы боюнча, жалпы шаар тургундарынын жаратылыш газына 15 млн сомдой карызы бар.

Copyright © 2017 Maral FM