Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура бирдиктүү эсепке 5 млн сом которду

Кыска кабар | 25 Окт 2018 | 760 | 0

Бүгүн, 25-октябрда Башкы прокуратура бирдиктүү депозиттик эсепке 5 млн 76 миң 777 сом которду. Бул тууралуу прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Ал каражат прокуратура тарабынан кылмыш иштери козголгон экономикалык жана кызматтык кылмыштардын айынан мамлекет тарткан зыяндын ордун толтуруш үчүн тергөө учурунда өндүрүлгөн.

Ушул убакка чейин Башкы прокуратура бирдиктүү эсепке жалпысынан 132 млн 613 миң 84 сом которгон.

Copyright © 2017 Maral FM