Биз менен байланышыңыз

Клинтон жана Обаманын үйлөрүнө почта аркылуу бомба жиберилди

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Окт 2018 | 848 | 0

АКШнын экс-президенттери Билл Клинтон менен Барак Обаманын үйлөрүнө почта аркылуу жардыргыч заттар жөнөтүлгөн. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазып чыгышты.

Билл Клинтон менен аялы Хиллари Клинтон жашаган Нью-Йорктун четиндеги үйүнө жана Обаманын үй-бүлөсү жашаган Вашингтондогу үйүнүн дарегине удаа жиберилген баштыктагы жардыргыч заттарды почтанын текшерүүчү атайын кызматкери байкап калган. Абал коопсуздук кызматына маалымдалганда, алар дароо бир нече почтаны көзөмөлгө алышкан.

Ушундай эле бомба баштыктары CNN телеканалынын кеңсесине жана миллиардер коомдук ишмер Жорж Соростун үйүнө да келген. Мындан сырткары бир топ даректерде да шектүү баштыктар тууралуу сөздөр айтылганы менен, жогорудагы төртөөнөн башкасы тастыкталган эмес.

Аталган кишилердин эч бирөө жабыркаган жок. Учурда алардын үйлөрүнүн тегереги жана кеңселери көзөмөл алдында турат. Кутучаларды ким жибергени жана канчалык кубаттагы жардыргычтар болгонун атайын кызмат ачыктай элек.

Copyright © 2017 Maral FM