Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы институту отчет берет

Кыска кабар | 24 Окт 2018 | 617 | 0

Бүгүн, 24-октябрда акыйкатчы институту Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 2016-жылдан бери аткарган иштери боюнча отчёт берет. Институттун жетекчиси Токон Мамытов бир топ маселе боюнча баяндама жасайт. Алар этникалык кыргыздардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, аялдардын жана балдардын эмгек укуктарын сактоо, аскер кызматына чакыруу учурунда укуктарды коргоо, Бишкек шаарынын жаңы конуштарындагы абал, элдин укуктары жана башка жагдайлар.

Токон Мамытов акыйкатчы кызматына 27-сентябрда расмий киришкен. 26-сентябрда анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин 79 депутаты колдогон.

Мамытов буга чейин премьер-министрдин кеӊешчиси жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы болуп иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM