Бишкектин “Кара-Жыгач” конушундагы Оберон көчөсү оңдоп-түзөө иштеринен соң ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Анкара жана Лев Толстой көчөлөрүнүн ортосундагы аянт толук реконструкциядан өттү. Натыйжада жолдун өтүүчү бөлүгү 9 метрге кеңейтилип, тротуар салынып, ирригациондук система жана жол белгилери орнотулду.