Өнөр жай тармагында иштеген кызматкерлердин орточо маянасы жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин жакында жарыялаган “Кыргыз Республикасында өнөр жай 2013-2017” жыйнагында айтылат.
Андагы маалыматка ылайык, 2013-жылы орточо маяна 17 миң 771 сом болуп турган. Ал эми 2017-жылы 25 миң 289 сомду түзгөн.
Өнөр жай ишканалардын баланстык кирешеси 2017-жылы 11 млрд сом, ал эми 2016-жылы болсо 25 млрд сом өлчөмүндө болгон.