Биз менен байланышыңыз

Президент кыргыз-түркмөн логистикалык компанияларын түзүүнү сунуштады (сүрөт)

Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 585 | 0

Президент Садыр Жапаров 27-июнда, Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүнө барып, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылыш аземине катышты.

Кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин ынак коңшулук мүнөзүн белгилеп, Кыргызстандын Түркмөнстан менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө мурда келе жаткан иштерди үзгүлтүксүз улантууга умтуларына токтолду.

Ошону менен бирге соода-экономикалык өз ара байланыштарды кеңейтүүгө басым жасап, кызматташтыкты арттырууга жаңы дем берүү маанилүү экенин айтты.

Ошондой эле Мамлекет башчысы инвестициялык ишмердүүлүккө жана чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын коргоого байланыштуу, экономиканын ар кыл тармактарында бир катар преференцияларды жана стимулдарды камсыз кылган либералдуу мыйзам базасы бар экенин белгиледи.

Садыр Жапаров муну менен катар эле учурда өлкөдө инвестициялык долбоорлорду даярдоо, кароо жана ишке ашыруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган бир катар мыйзам долбоорлору иштелип чыгып жатканын кошумчалады.

Ал Кыргызстандын инвестициялык артыкчылыктарын, анын ичинде, жалпысынан Европа Бирлигинин өлкөлөрүнө жана Америкага товарлардын 6 миңден ашык түрүн алымсыз киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү ВСП+ статусун; Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин миллиондогон рыногуна продукцияларды жеңилдетилген шартта экспорттоого чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачуучу ЕАЭБге мүчөлүктү; жеткиликтүү квалификациялуу жумушчу күчүн, энергетика ресурстарын, либералдуу инвестициялык мыйзамдар менен салык тутумун тизмектеди.

Садыр Жапаров тажрыйба алмашууга жана Түркмөнстандын мунай-химиялык, газ өнөр жайында жана электр энергетика тармагында иш алпарган ишканаларын кыргыз рыногуна тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Мамлекет башчысы түркмөн өнөр жайчыларын Кыргызстанда приоритеттүү деп саналган жеңил өнөр жай тармактарында ишканаларды ачууга жана жергиликтүү ишкерлер менен тажрыйба алмашууга чакырды.

Мамлекет башчысы ошондой эле өлкөлөрдүн транспорттук-транзиттик мүмкүнчүлүгүн пайдалануунун маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргыз жана түркмөн товарларын дүйнөлүк рынокторго экспорттоого көмөкчү боло турган биргелешкен кыргыз-түркмөн логистикалык компанияларын түзүү келечеги тууралуу да сөз кылды.

Copyright © 2017 Maral FM