Биз менен байланышыңыз

Депутат: Акыйкатчы миграттардын укугун коргоого тийиш

Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 563 | 0

Депутат Алтынбек Сулайманов акыйкатчы Токон Мамытовду адам укуктарына көңүл бурууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-октябрда парламенттин тармактык комитет жыйынында билдирди.

Сиздин атайын докладыңызда социалдык блокторго барганыңыз айтылууда, ал эми сиз башка тармактагы адамдардын укугун коргоого көңүл бурууга тийишсиз. Биз сиздин талапкерлигиңизди карап жатканда, Акыйкатчы институтун ишенип тапшырганбыз,”- деп, мигранттарга көңүл бурушун кошумчалады.

Анда башка өлкөлөрдүн акыйкатчылары менен жолугугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарылдыгы айтылды. “Орусияда кыргыз жарандарын кымындай бир айыптар менен да “кара тизмеге” киргизип салууда. Бул багытта кандай иш алып барылып жатат? Сиздин канча кызматкериңиз иштейт? Анткени бардык арыздарга сиз өзүңүз жооп берип жетише албайсыз да?” – деп сурады Сулайманов.

Акыйкатчынын айтымында, борбордук аппаратта тейлөө жана техникалык кызматкерлер менен жалпы 79 кызматкер иштейт. Токон Матытов 7-8-ноябрда Орусияга жумуш сапары менен барып, мигранттрадын көйгөйлөрү менен таанышып келерин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM