Биз менен байланышыңыз

Польша президенти Дуда Орусиянын “Түндүк агым-2” долбооруна каршы

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 828 | 0

Польшанын президенти Анжей Дуданын пикиринде Орусия куруп жаткан “Түндүк агым-2” мунай өтмөгү Украина жана Словакия үчүн коркунуч туудурат. Мындай пикирин ал Польшанын биринчи телеканалынан кайрылууда билдирди.

Орусия куруп жаткан “Түндүк агым-2” мунай өтмөгү Украина жана Словакия үчүн коптуу экени шексиз. Эгер биз алдын ала эскертүүчү чараларды көрбөгөнүбүздө, ушундай эле коркунуч бизди да тоорумак”,-деди Дуда.

Ошондой эле ал,  үч мамлекеттин көз карашы бирдей, бирок эмнегедир калган эки өлкөнүн башчылары муну кеп кылбай жатышканын кошумчалады.

Эске сала кетсек, “Түндүк агым-2” мунай өтмөгү буга чейин иштеп келген “Түндүк агым” өтмөгүнө катарлаш курулуп жатат. Долбоор Орусияга таандык болуп, Балтика деңизин бойлой Германия менен туташтырат. Башкача айтканда, Орусия Батыш Европага мунайын дал ушул өтмөк аркылуу сатат.

Өтмөк жылына 55 млрд куб метр газды өткөрүүгө жарамдуу ири долбоор болуп саналат. 2019-жылдын соңуна бүткөрүлүүсү пландалып жаткан долбоорго АКШ президенти Дональд Трамп бир нече жолу каршы чыгып, аталган долбоорго катышып жаткан бардык тараптарга санкция киргизүү ниетин билдирген. Анткени орус мунайы АКШнын Европага экспорттой турган мунайынын жолун тосуп коеру анык.

 

Copyright © 2017 Maral FM