Биз менен байланышыңыз

Ошко Цзяочжоу шаарынан делегация келди

Кыска кабар | 20 Окт 2018 | 658 | 0

9-октябрда Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров Кытай Эл Республикасынын Цзяочжоу шаарынын вице-мэри Ли Бао Шуай мырзаны жана ишкерлерден турган делегацияны кабыл алды. Жолугушууга Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматкерлери, КРнын тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагындагы өкүлдөрү катышты.

Кадыров Ош шаары эки өлкөнүн жана эки шаардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берээрин баса белгилеп, кытай ишкерлеринин шаардын экономикасынын өнүгүшү үчүн маанилүү болгон бирдиктүү долбоорлорго жигердүү катышып жаткандыгын айтты.

Кытай менен Кыргызстандын соода-экономикалык, маданий жана достук байланыштары күн санап бекемделип жатат. Эки тараптуу тыгыз кызматташуунун алкагында тараптардын кызыкчылыктарына төп келген ишкердик мамилелерге кеңири жол ачылууда. Ош шаарынын мэриясы да чакан жана орто бизнести колдоого өз артыкчылыгын көрсөтүп, чет элдик инвесторлор менен тыгыз иш алып барып келет. Буга мисал катары Ош шаарына Кытай Эл Республикасынын колдоосу менен курулган 150 орундуу заманбап оорукананы айтсак болот. Биз Ош шаары менен Цзяочжоу шаарынын ар тараптан кызматташуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даярбыз”, — деди вице-мэр.

Copyright © 2017 Maral FM