Биз менен байланышыңыз

Ошто эки күн электр энергиясы убактылуу берилбейт

Кыска кабар | 20 Окт 2018 | 802 | 0

Энергообъектилерди күз-кыш жылуулук мезгилине даярдоого байланыштуу Ошто 22-23-октябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин бир катар райондордо электр энергиясын берүү токтотулат.

Көрсөтүлгөн убакта электр энергиясы төмөнкү аймактарда убактылуу өчүрүлөт:

— Масалиев, Өзгөн, Тилеке-Баатыр, П.Лумумба, Нурматов, Мажүрүм Тал көчөлөрү боюнча, №8 «Ак-Буура» аймактык кеңешинде, ошондой эле Навои сейил багынын аймагында, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы, борбордук базар, «Ынтымак» телерадио компаниясы, З.Бабур атындагы драма театры

— №2 «Достук» жана №10 «Курманжан-Датка» аймактык кеңештеринде, Ленин,Грибоедов, Мичурин, Алымбеков,Ташкент, Лесхозный көчөлөрүндө.

Copyright © 2017 Maral FM