Биз менен байланышыңыз

Керч шаарындагы окуядан 19 адам өлүп, он адамдын абалы оор

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 902 | 0

Крымдын Керч шаарындагы Политехникалык коллежинде жардыруу болуп, артынан аткылоо болгон. Бул тууралуу Би-би-си орус кызматы иликтөө жарыялады.

Аталган окуу жайдын 4-курсунун студенти Владислав Росляков 17-октябрь күнү колледждин ашканасында бомба жардырып, артынан туш келген адамдарга ок чыгарып, аягында китепканага кирип өз өмүрүнө кол салган. Натыйжада 19 адам набыт болуп 40 адам жаракат алышкан.  Окуу жайдын биринчи кабаты жараксыз абалга келген үчүн студенттерди башка имаратка көчүрүп окутушууда.

Жаракат алган 5 адамдын абалы оор экени, реанимацияда жалпы 10 киши жатканын «Россия 24» телеканалына саламаттык сактоо министри Вероника Скворцова кабарлады.

Окуя боюнча соттук иликтөө башталып, “терракт” беренеси “адам өлтүрүү” беренесине алмашты. Жардырууга себеп болгондор же уюштургандар изилденүүдө. Кылмышкердин жашаган жайы да тинтүүгө алынды.

Бирге окуган жолдошторунун айтымында Влад Росляков түнт, элге көп аралаша бербеген бала болчу. Ал маньяктарга кызыгып, алар тууралуу көп фильмдерди көрчү. Окуу жайдын кээ бир мугалимдерине өчөшүп калган да жайы бар экенин кошумчалашкан группалаштары, анын мугалимдерден кек алуу тууралуу сөздөрүн айтышты.

Бир нече ай мурда аңчылык куралын сатып алганы катталган. Окуя болгон күнү кадимкидей окуу жайга келген, бирок жанында эки рюкзак бар болгонун байкашкан.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM