Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Басмакана китептеги каталарды оңдоп, өз эсебинен чыгарат

Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 992 | 0

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева 5-6-класстын китебин чыгарган басмакананын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Анда “Билим-компьютер” басмаканасы «География» жана «Естествознание» китептерин орус тилине которуудагы редакторлук жана корректорлук каталарды моюнга алып, түзөтүүлөрдү киргизип, кайрадан өз эсебинен басып чыгарарын айтты.

Түзүлгөн келишимге ылайык, редакторлук жумуш боюнча толук жоопкерчиликти “Билим-компьютер” басмаканасы алууга тийиш.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк банк тарабынан берилген гранттын негизинде 2016-жылы майда китеп басып чыгарууга сынак жарыяланган. Ага 9 басмакана катышып,  “Билим-компьютер” басмаканасы тандалып алынган.

Эске салсак, 5-6-класстын жогоруда айтылган китептеринде каталар бар экени талкуу жараткан.

 

Copyright © 2017 Maral FM