Биз менен байланышыңыз

Аширбаев: Көмүрдө мезгилдик кымбаттоо болушу мүмкүн

Пикирлер | 16 Окт 2018 | 889 | 0

Көмүрдүн бааларында мезгилдик кымбаттоо болушу мүмкүн. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канат Аширбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдиди.

Маалыматка ылайык, Кара-Кече көмүр кенинде кара алтындын 1 тоннасы 1250-1300 сомду түзөт. Ал эми Бишкекте 3500-4000 сомдон сатылууда.

Аширбаевдин айтымында, «Кыргызкөмүр» ишканасы жеке ишкерлер саткан көмүрдүн бааларын чектөөгө ала албайт. Аны Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги көзөмөлдөйт.

«Казылып алынган көмүрлөрдүн эсептери алынып турат. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги чыгымдарды кошо эсептеп бааларды коюп берет. Жеке ишкерлер көмүрдү кымбат сатып жатса, аталган агенттик тарабынан чара көрүлөт. Айып пул салынат же көмүр саткан жер жаптырылат», — дейт Аширбаев.

Ал белгилегендей, мындан сырткары көмүр кампаларынын ишмердүүлүгүн Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы, жергиликтүү бийлик да текшерет.

«Нарында акимдер сунуштаган жерлерге көмүр кампаларын ачып жатабыз. Ошондой эле жеке ишкерлер менен келишим түзүлүп, 100-200 тоннадан кара алтын берилүүдө. Ал эми жолдорду Транспорт министрлиги карайт. Көмүр казган ишканага жолду оңдоо милдетин берүү мыйзамга туура келбейт», — деп кошумчалайт Аширбаев.

Copyright © 2017 Maral FM