Биз менен байланышыңыз

Кара-Кече көмүр кенине камералар орнотулат

Пикирлер | 16 Окт 2018 | 893 | 0

Жакында Кара-Кече көмүр кенине камералар орнотулат. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канат Аширбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдиди.

Анын айтымында, камералар коюлса, жарандар «Кыргызкөмүр» ишканасынын расмий сайтынан көмүр кантип жүктөлүп жатканын көрө алышат. Бул жарым айда ишке ашат.

Маалыматка ылайык, көмүр кенине тараза коюлат. Ошондой эле жаңы жылга чейин кошумча техника сатылып алынат. Муну менен унаалардун кезек күтүүлөрү бир топ азаят.

Ашырбаев Кара-Кече көмүр кенинде мурдагыдай рэкетчилик жок экенин айтып, тартип орнотулганын белгиледи.

«Жумгал райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тартипти көзөмөлдөп турушат. Кара-Кечеден чыгып бара жаткан жердеги бекетте милициялар иш алып барууда. Унаа таразага түшүп, көмүр жүктөп кайра чыгып кетиши үчүн кеминде 1 сутка убакыт кетет. Жаан-чачын болсо унааларды кенге киргизбей турабыз. Себеби жолдор тайгак болот. Мындай учурда унаалар 3 күндөй күтүп калышы мүмкүн», — дейт Аширбаев.

Copyright © 2017 Maral FM