Биз менен байланышыңыз

Өзгөрүштөгү окуучулар боз үйдөн мектепке которулат

Кыска кабар | 15 Окт 2018 | 575 | 0

Бүгүн, 15-октябрдан тарта Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылында боз үйдө окуган окуучулар мектепте билим ала башташат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматы боюнча, Өзгөрүш айылында эки мектеп бар. Анын бири 2005-жылы ашар жолу менен курулган мектеп урап калган. Анда билим алган балдар жогорку класстар окуган мектепке которулган.

Быйыл окуу жылынын башынан бери мектептин сыртында эки топко бөлүнүп тил сабактары өтүлүп жаткан. Эми 15-октябрдан тарта башталгыч жана ортоңку класстын окуучулары эки нөөмөт менен окуп, жогорку класстагылар ийилме график менен окуй турган болушту. Экинчи чейректен тарта жергиликтүү бийлик окуучуларды эртең менен жана кечинде мектепке жеткирүү маселесин чечишет.

Белгилей кетсек, бул жылдын эсебинен аталган айылга жаңы мектеп куруу планы бар экенин министрлик кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM