Биз менен байланышыңыз

КСДП фракциясы саламаттыкты сактоо тармагын талкуулады

Ден соолук | 13 Окт 2018 | 1477 | 0

КСДП фракциясы саламаттыкты сактоо тармагындагы реформа, эне жана баланын саламаттыгын талкуулашты. Депутаттар канча жылдан бери көтөрүлүп келген лаборатория, ооруканалардын абалын айтып, медициналык мекемелердин жетекчилерин ротация кылуу демилгеси да көтөрүлдү.

Медициналык мекемелердин жетекчилерин ротациялоо сунушталды. Мындай сунушту КСДП фракциясынын саламаттыкты сактоо тармагындагы реформа жана эне жана баланын саламаттыгын караган жыйынында депутат Аалы Карашев айтты. Ал 20 жылдап жетекчилик кылган дарыгерлерди алмаштырып, системалуу түрдө ротация жасалбаса, бүгүнкү күндө ооруканалар мамлекеттики эмес, ошол кишинин менчигине айлангандай учурлар жок эместигин айтты.

Ооруканалардын ичиндеги тартипти жөнгө салгыла. Азыркы күндө башкы дарыгерлер кызмат абалдарынан пайдаланышып байышууда.  Алар мамлекеттик ооруканалардын аймагына дарыканаларды, менчик бейтапканаларды ачып алышкан. Мунун бир себеби кадр маселесине байланышкан. Он жылдап кызматтан кетпей келаткан башкы дарыгерлер бар, алар өздөрү жетектеген ооруканага  менчигиндей мамиле кылууга өтүшкөн.

Министрдин саламаттыкты сактоо тармагындагы жасалып жаткан реформалар боюнча маалыматын уккан депуттаттар бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнүп жаткан гранттар натыйжалуу колдонулбай жатканын айтышты. Буга карата министр Космосбек Чолпонбаев бардык каражаттар максатка жараша бөлүштүрүлүп жатат деди.

Бирок эл өкүлү Иса Өмүркулов министрдин саламаттыкты сактоо тармагында алып барып жаткан иштерин мурдагы министр Талантбек Батыралиевдин кадамдарына салыштырып, кадр маселесинен мурда көйгөйлөрдү чечүүнү сунуштады.

Сизге чейинки министр кадр маселесинен чыга алган жок. Соттошуп жүрүп 3 жылды өткөрдү. Байкашымча, сиз да кадрларды алмаштыруу менен баштадыңыз. Менин сунушум кадрды кое туруп, системада реформа жасасаңыз.

Ал эми депутат Мурадыл Мадеминов министрди фармацевт экенин кыйытып айтып, өзгөчө ушул тармактагы башаламандыкты көзөмөлгө алуусун өтүндү.

-Антибиотиктерди сатып алууга рецепттерди берүү маселесин жөнгө салуу зарыл. Анткени дарыканаларда аларды рецепти, дарыгердин сунуштамасы жок эле сатып жатышат. Сиз өзүңүз фармацевтсиз, ошого байланыштуу ушул тармакты жөнгө саласыз деп ойлойм.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө лабораториялардагы башаламандыкты жоюу маселеси да каралды.

 

Copyright © 2017 Maral FM